Өзбек ИИМнин маалымат кызматынын билдиришинче, эл артисти Ю.Усманова укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен түнкү саат 12ден кийин кайрымдуулук жүгүн дамба жарылган Сырдарыя облусуна чейин коштоп баруусун суранган.

Анын суранычына милиция кызматкерлери эрежеге ылайык Сырдарыя облусуна күндүзгү убакта гана барууга боло турганын айтышкан.

Ошондон кийин ырчы Инстаграм баракчасында түз эфирге чыгып, анда укук коргоо органдарына нааразылык сөзүн айткан. Маалым болгондой, Юлдуз Усманова Сырдарыя облусундагы дамба жарылганынан улам жабыр тарткандарга элден жардам чогулкан.

Жардам бергендердин арасында Кыргыз номери менен жардамга муктаж болгондорго, азык түлүк алып барып, ырчыга берип жаткан унааны көрүүгө болот.Ырчы айым элден чогулгандарды коштоп барууга милициядан жардам сураган. Ырчы ал жардамды тез арада жеткирүүнү талап кылып, бирок түнү жөнөтүүгө уруксат ала алган эмес.

Мына ошондон кийин ал милиция кызматкерлерин сыйга татыктуу эмес экендигин Инстаграмда түз эфирде айтып чыккан. “Силер коркоксуңар. Иштешиңер үчүн клизма кылыш керекпи Каримовдун заманындай .Тьфу силерге”, – деген ал.