Бүгүн, 5-майда Балыкчы шаарынан COVID-19 илдети менен ооруган акыркы бейтап айыгып чыкты.

Бул маалымат облустук ыкчам штабынын отурумунда айтылды.

Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл областы боюнча коронавирус менен ооругандардын 10 учуру катталган. Алардын баары айыгып үй карантинине жиберилген.