Бишкек шаарында карантиндик режимди сактоонун көзөмөлдөө күчөтүлөт. Тиешелүү тапшырма Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилди.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун белгилегендей, айрым соода түйүндөрүндө, азык-түлүк базарларында санитардык талаптар сакталбай жатат.
 
Ошондой эле такси кызматынын айдоочуларынын бет кап кийбеген жана тиешелүү сунуштарды сактабаган учурлары катталууда. Буга байланыштуу санитардык эрежелерди жана башка карантиндик чараларды сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарыл экенин кошумчалады.
 
Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тартип сакчыларына карата сын айтты. Ал учурда айрым шаарлар менен бир райондо өзгөчө абал режими күчүндө экенин, ошондой эле транспорттун жана элдин кыймылына чектөө киргизилгенин баса белгиледи.
 
 «Экономикалык ишмердүүлүктүн белгилүү бир түрлөрүнүн ишин жандандыруу үчүн айрым жеңилдиктер берилди, бирок бул калган категориядагы жарандар үчүн карантин токтотулду жана бардыгы негиздүү себепсиз шаарга чыга берсе болот дегенди билдирбейт. Майрам күндөрү да көчөдө адамдар көбөйдү. Укук коргоо органдары бул жаатта кайгуул иштерин, ошондой эле бардык санитардык-гигиеналык эрежелерди жана аралыкты сактоого катуу көзөмөлдү күчөтүүгө тийиш», — деди биринчи вице-премьер-министр.
 
Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жогоруда айтылган маселелер боюнча калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.