Бүгүн 5-майдагы брифингде Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов Ош шаарында 100 гана таксиге өткөрмө кагаздары берилгенин билдирди.

Анын айтымында Ош шаарынын калкын тейлөөгө 100 такси жетет.

“Жалпы 400 унаага таксиге өткөрмө кагазын алуу үчүн билдирүү түшүп, алардын жүзүнө уруксат берилди. Мындай көлөмдө бергенибиздин себеби, 100 такси шаардын элин тейлегенге толугу менен жетишет деген ойдобуз. Чоң жол тандабастарды такси катары каттап коюп өзүлөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн колдонуп жаткандар бар, мындан улам андай унааларга уруксат кагазы берилген жок. Ал эми санитардык эрежелерди сактабаган такси кызматкерлеринин да уруксат кагазын тартып алууга аргасызбыз”, — дейт комендант.