Тесттин коронавирусту көрсөтпөгөнү киши вирус жукутуруп албаганына кепилдик бербейт. Бул тууралуу онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ага журналисттер тарабынан №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун бир кызматкеринин анализи таза чыкса дагы, аны менен байланышта болгон башка дарыгерлер эмне себептен ооруп калды деген суроо берилди.

Үсөнбаевдин айтымында, вирустун инкубациялык мөөнөтү 14 күндөн дагы көбүрөөк болушу мүмкүн. Ошондой эле анын бир нече этабы бар жана айрым учурда тест вирусту так көрсөтпөй коюшу ыктымал.

«Лаборатория 96-97 пайыз туура жыйынтык берет деп айтылып келет. Ошондой эле вирус өтө кооптуу. Эмеректе, кийим-кечеде болсо деле жуга берет», – дейт Үсөнбаев.