Лейлек районунда жүргөн селден жабыркаган жарандарга жардам берүү максатында активисттер элге кайрылуу жолдоп, Фейсбук социалдык баракчасына жайгаштырышты.

Тынчтык Жумабаев жана Максым Баткен Лейлек районундагы сел кырсыгынан жабыр тарткан үй-бүлөлөргө ар тараптан колдоо көрсөтүү максатында «Бир билек бир тилек» деген ураан менен кайрымдуулук акциясын баштаган.

Элдик штаб түзүп, каражат чогултууга атайын банктык эсеп ачып, карапайым элдин арасынан активист патриот жаштар өз көзөмөлүнө алып, түшкөн каражаттарды дареги менен так туура бөлүштүрүп,элге түздөн түз ачык отчёт берип турсун деген сунуш талаптар коюлган. Маалым болгондой, активисттер эртең 6-май күнү банктан эсеп сандарын ачтырышат.

Түшкөн каражаттарды ар бир активист атайын тиркеме аркылуу көзөмөл кыла алат. Төмөнкү жарандык активисттер социалдык тармак аркылуу шайланды: Алмаз Рахманов, Исфана шаары, Эрнест Бөрүбаев Өзгөн району, Нурали Пайзиев, Лейлек району Кулунду айылы, 37 жашта. Жайлообек Жакшылыков, Лейлек району, Тынчтык Жумабаев, Өзгөн району.

Маалымат фейсбук колдонуучу Тынчтык Жумабаевдин баракчасынан алынды. Демилгечилер терең ыраазычылык билдиребиз.