Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы облуска жарандардын кирип чыгуусу тууралуу маалымат берди.

Эске салсак, буга чейин облустук ыкчам штаб 4-майдан тарта бул аймакка кирип-чыгууга тыюу салуу боюнча чечим кабыл алган. «Тургундар өтө зарыл жумушу боюнча гана облустан чыга алышат. Мисалы, дарыгерге кайрылууга, тез арада операция жасатууга, жумушка же жакындары каза болсо жерге берүү үчүн бараткандарга уруксат берилет. Облуска кайра кайтып жатканда экспресс-тесттин же ПЦР анализинин жыйынтыгын көрсөтүшөт. Ошондой эле 14 күндүк үй карантининде болушат. Бул талаптарга макул болгондорго гана чыгууга уруксат берилет»,  – дейт өкүлчүлүктөн.

Ошондой эле облус бийлиги тургундардан коронавирустун жайылышына байланыштуу сапарга чыкпай турууну өтүнөт. «Анализдердин төлөмдөрү боюнча биз ар бир жаранга тандоо укугун беребиз. Кааласа акы төлөгөн жактан, кааласа бекер текшерүүдөн өтө алышат. Мындай чектөөлөр облустук штабдын мүчөлүгүндөгү медиктердин сунушунун негизинде киргизилди», – деп айтылат билдирүүдө.