Коом

Жалал-Абад: санитардык талапка жооп бербеген 10дон ашык ишкана жабылды

Бул тууралуу шаар жетеклиги менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүдо маалым болду дейт — Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым ишканаларда кызматкерлердин аз санда экендиги, беткап менен антисептикалык каражаттар колдонулуп жатканы белгилүү болгон.

«Ал эми кээ бир жайларда эрежелер сакталбай, учурдагы кырдаалга байланыштуу коюлган талаптар аткарылган эмес. Мындай көрүнүш унаа тетиктерин саткан дүкөндөрдө, такси кызматтарында кезикти. Мындан улам санитардык талаптарды аткарбаган 10дон ашык жай жабылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 1-майдан тарта бүгүнкү күнгө чейин Жалал-Абад шаарында жалпы 83 ишкердик субъектисине уруксат берилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button