Россияда каза болгон атасынын сөөгүн кыргыз-казак чек арасынан алып өтө албай жаткан келиндин өкмөттөн жардам сурады.

Өзүн Элдана Кубатова деп тааныштырган келин 5-майда өлкөдөгү маалымат булактарынын бирине чалып, “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде турганын, паспорту Россияныкы болгондуктан кыргыз тарап аны өткөрбөй жатканын айтып берген:

“Орусия, Казакстан өткөрдү. Эми Кыргызстан өткөрбөй жатат. Атам үчүн эле келе жатам. Эртең чык десе чыгып кетет элем. Атамдын сөөгүн үч күндөн бери коштоп алып келе жатам. Бул жакта күн да ысык экен. Өлгөн адамдын сөөгү эмне болуп жатат, билбейм”.

Ал атасынын сөөгүн Ош облусунун Кара-Суу районуна алып баратканын айткан.

Коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы туруу максатында бардык өлкөлөр чек арасын жаап коюшкан.

Булак: Коом пресс