Прогрессивдүү билим берүү Институтунун адистеринин пикиринде, пандемиядан кийин кайсы адистиктерге талап күч болоору айтылды.

Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазып чыкты. Кыйын кырдаалда мекелердин ишин алдыга жылдыра турган анткризистик консультанттарга суроо-талап күчөйт.

Жеке финансы маселеси боюнча консультанттарга суроо-талап жогору болоору айтылууда. Компанияларды санариптештирүү жана кызматкерлерди оолактан иштетүүгө (удаленка) өтүү диджитализация (санариптештирүү трансформациясы) процесстеринин эксперттерине, программисттерге, SMM жана контент-менеджерлерге, ошондой эле убакытты уюштуруучу адистерге муктаждык өсөт.

Иш берүүчүлөр колл-борборлордун консультанттарын, интернет-дүкөндөрдүн кызматкерлерин жана курьерлерди (айдоочулар жана жеткирип берүү диспетчерлери менен бирдикте) издей башташат.

Ар кандай ооруулар тууралуу дарыгерлерден онлайн кеңеш алуу жана багуучуларга (сиделки) болгон суроо-талап жогорулайт.

Карантиндин көпкө созулушу психологдорго болгон муктаждыкты өстүрөт. Эксперттердин айтымында турмуш-тиричилик адистери – сантехниктер, эмерек (мебель) куроочулар, фотографтар да ишсиз калышпайт.