Азия өнүктүрүү банкы берген маалыматына таянсак, Кыргызстанга насыя жана грант түрүндө 50 миллион доллар бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алган.

Белгилүү болгондой, акча кыргыз өкмөтүнө коронавирустун элдин ден соолугуна кам көрүү аракетине, социалдык жана экономикалык маселелерди чечүүсүнө жардам иретинде берилип жатканы маалымдалды.

Банктын «Активдүү көңүл буруу жана чыгымдарды колдоо» (CARES) программасынын алкагында бул бөлүнгөн каражат пандемиянын жайылышын ооздуктоо, социалдык жактан муктаждарды коргоо, чакан жана орто бизнеске, өндүрүшкө жардам берүү боюнча чукул чараларды колдоого жумшалышы керек болот.

Эске салсак, Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарынан жалпы 456 млн доллар күтүп жатканы айтылган.

29-апрелде брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жыл башынан берки төрт ай аралыгында бажы жана салык тармагынан мамлекеттик бюджетке 10 млрд сом түшпөй калганын билдирген.

Учурда 5-майга карата Кыргызстанда вирус 843 адамдан табылып, алардын 11и каза болсо, 600 бейтап сакайып чыккан.