![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/05/1029548456-1.jpg)
Коом
Баткен: медик, куткаруучуларга ун таратылды
Баткен шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, ӨКМдин аймактагы башкармалыктары жана ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Баткен райондук башкармалыгына ун таратылды.
Ага ылайык, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна 30, Баткен шаардык жана Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын 15, ошондой эле ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Баткен райондук башкармалыгынын 8 кызматкерине ун таратылган.
Баткен шаардынын мэриясынна билдиргендей, ун жеке демөөрчүлөр тарабынан берилген.