Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун бүгүн, 5-майдагы жарлыгы менен өлкөнүн саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министри Насим Олимзода кызматынан алынды.

Маалыматка ылайык, чечим анын башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кабыл алынган.

Анын ордуна Тажикстан Республикасынын саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министри болуп Абдуллозода Жамолиддин Абдулло дайындалды.

Булак: NazarNews.kg