Роберт Кох атындагы институттун башчысы Лотар Вилер коронавирус пандемиясынын мүмкүн болгон жаңы эки толкуну тууралуу эскертти.

Кохтун айтуусу боюнча дүйнө жүзүндөгү адамдардын теңинен көбү ооруп чыкмайынча бул оору кайтпайт.

«Алдыда бизди коронавирустун экинчи толкуну күтүп турат жана ал сөзсүз болот. Ал тургай, айрым окумуштуулар коронавирустун үчүнчү толкуну дагы болору тууралуу эскертишүүдө», — деди Вилер.