Коронавирус пандемиясынан улам Таиландга туристтер барбай, 300 миңдей сойкулар кирешесиз калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай кризиске сойкуканалардын көптүгү боюнча алдыда турган Паттайя шаарындагылар кабылган.

Белгилей кетсек, Таиландда сойкулук кызматы мыйзамсыз болгону менен өтө популярдуу. Сойкулар мындай кризистик абалда мамлекеттен жардам күтө алышпайт. Ошол эле учурда сойкулук бизнеси өлкөгө көп туристтерди чакырары айтылат. Мындай «кесип» менен алектенгендер тапкан акчасына балдарын, ата-энесин багып келсе, эми киреше булагынан айрылып, кризиске батып отурат.

Эске салсак, 5-майга карата Таиландда 2988 адам коронавирус жуктуруп, 54 адам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg