«Күүгүм» деп аталган романдар сериясынан кийин дүйнөлүк атакка ээ болгон америкалык жазуучу Стефани Майер жакында «Midnight sun» («Түн ортосундагы Күн») аттуу жаңы китебинин жарыкка чыгарын билдирди. Китептин негизги мазмунун вампир Эдвард Каллендин баяндоолору түзөт.

«Мен «Midnight sun» аттуу китебимдин  4-август күнү жарык көрөөрү тууралуу маалыматты сиздер менен бөлүшүп жаткандыгыма абдан кубанычтамын. Албетте, учурдагы кырдаалда бул тууралуу айтпай коёо турсам болмок, бирок окурмандарымдын суроосун четке кага алган жокмун» — дейт бул тууралуу  Майер.

Белгилей кетсек, Стефани Майер бул окуянын үстүндө 2008-жылдан баштап иштей баштаган жана материалдын жарымы кандайдыр бир жолдор аркылуу  Интернетке кирип кеткенден кийин, окуянын аягына чыгуудан баш тарткан.