Коом

Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлык уюштурулду

“Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду жана “РухЭш” сайты акын, журналист, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматовд атындагы адабий сыйлык уюштурушту.

“РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир билдиргендей, сыйлык жыл сайын Зайырбек Ажыматовдун туулган күнү — 27-майда бир гана акынга ыйгарылат.

Негизги критерий — ал 35 жашка чыга элек болушу шарт жана эч бир саясий топко жан тартпаган акын болушу керек. Жаш акындарды колдоо иретинде уюштурулуп жаткан бул сыйлыктын ээси диплом жана 100 миң сом менен сыйланмакчы.

Учурда сыйлыктын жобосу даярдалып жатат.

Акын, журналист Зайырбек Ажыматов 29-апрелде 44 жашында дүйнөдөн кайткан

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button