6-майга караган туну республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 144 жаран жеткирилди. Бир сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 6 унаа киргизилди.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары – 122,

Ош шаары – 6,

Жалал-Абад шаары – 9,

Ат-Башы району – 7.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4559 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды, анын 4036 эркектер, 523 аял киши.

Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди, алардан 3481 жаран эскертилип, 1078 жаранга бузуулар туурау протокол түзүлүп айып салынды. Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 356 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди. ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

ИИМдин басма сөз кызматы