6-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учур катталды.

Алардын ичинен
Бишкек ш. – 16
Чүй облусу — 2
Жалал-Абад облусу — 6
Баткен облусу — 4

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, жаңы катталган учурларда Тажикстанда окуган студенттер да бар. Лейлек районунун үч жараны (студент) Кыргызстанга келери менен текшерүүгө алынып обсервацияга жаткырылган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен коронавирус бар экени аныкталган.

Республика боюнча 871 жаран коронавирус инфекциясын жуктуруп алган.