Бүгүн, 6-майга карата Кыргызстанда дагы 28 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Республикада коронавирус жуктургандардын саны 871 адамга жеттти.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 аныкталган бейтаптар менен 3855 адам байланышкан. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн. Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 675 адам жатат.