Facebook компаниясынын 2020-жылдын апрель айындагы эрежени бузган колдонуучулар жөнүндө отчетунда Орусияга тиешелүү жүздөй аккаунт өчүрүлгөнү айтылат. Анын 46сы баракча, эки группа жана бир Instagram аккаунт болгон. Бул тууралуу компания өзүнүн сайтында жазып чыкты.

Facebookтун эксперт адистери социалдык тармактын эрежесин бузган контент, пост жарыялагандардын дареги бир нече өлкөдө болгонун белгилейт. Отчеттун авторлору эреже бузгандар Орусия, Донбасс жана Крымдагы NewsFront жана SouthFront уюмдарына байланыштуу деп ойлошот.

Ал эми Россиянын ТАСС агентиги Facebookтун мындай отчётун, “Facebook аталган аккаунттар жана баракчалардын кандай эреже бузганы жөнүндө так далилдерди келтирилген эмес”,  — дейт. Компаниянын берген отчетунда Иран, АКШ, Грузия, Мавритания жана Мьянма өлкөлөрүнө байланыштуу дагы баракчалар өчүрүлгөнү айтылат.

Жалпысынан апрель айында эреже бузган 732 Facebook, 162 Instagram аккаунт жана 793 баракча, 200 группанын иши токтотулган.