АКШ президенти Дональд Трамп эгерде америкалык товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча Кытай өз милдетин аткарбаса биринчи фаза боюнча соода-сатык келишимин токтотот. Бул тууралуу South China Morning Post  басылмасы билдирген.

Мурдагы жылдагыга салыштырмалуу биринчи кварталда Кытай экономикасы 6,8%га кыскарган. Мынчалык өлчөмдөгү төмөндөө бул мамлекетте 1992-жылдан бери каттала элек болчу.

«Бизге эки тараптуу соода маселесинде эмне болуп жаткандыгын кайра караштырып чыгууга туура келет. – Алар биздин өлкөнү пайдаланып кетти. Эми биздин товарларды сатып алуулары керек, андай болбойт экен биз келишимди бузабыз. Бул үчүн кыйналып отуруунун дагы кереги жок» — деп билдиргендиги айтылат аталган басылмада.

Белгилей кетсек,  АКШ жана Кытай ортосундагы биринчи фаза боюнча соода келишимине үстүбүздөгү жылдын 15-январында кол коюлган.