Коом

Лейлек: 2-майдагы сел 55 млн. 296 миң сомдук зыян алып келди

Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Райондун жарандык коргонуу кызматынын ыкчам аракетинин натыйжасында, селдин кесепетин жоюу аракеттери көрүлүп, селден кийинки 3-май күнү унаа жолдорунда каттам калыбына келген.

Исфана шаарына таза суу, бардык айылдарга электр энергиясы берилип, айрым аймактарда сугат суу бурулган.

Тилекке каршы кечээ 5-майда Лейлек районунда кайрадан сел келди.

Сел Маргун, Ак-Суу, Бешкент,Сумбула айыл аймактарынын жана Исфана шаарында буга чейин тазаланып жаткан жол, сугат канал, арыктарды, жолдорду кайрадан кум шагылга толтуруп, айдоо жерлерди зыянга учураткан.

Учурда кайрадан калыбына келтирүү жумуштары башталып, чыгымдар эсептелүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button