Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров парламент жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, 32 гектар жемиш бактарынан сырткары 40 гектар эгин аянты зыянга учураган.

Ошондой эле ал алдыдагы күндөрү дагы сел жүрүү коркунучу бар экенин айтып, алдын алуу боюнча жер-жерлердеги жетекчилерге тапшырма берилгенин айтты.

Лейлек районунда 2- жана 5-май күндөрү жүргөн селдин кесепетинен келтирилген чыгым 276 млн. сом болгон.