Депутат Мирлан Жээнчороев жоопкерчиликти аткара албай жаткан өкмөт отставкага кетиши керек дейт. Бул тууралуу депутат бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү бүгүн так маалымат бериш керек. Эмне себептен медицина кызматкерлери коронавирус илдети менен ооруса 200 миң сомдон берилет деп, бүгүнкү күндө 100 миң сом берилет деген маалымат чыгып жатат? Бул алдамчылык. Мындай жоопкерчиликти аткара албаган өкмөт отставкага кетиш керек же ачык маалымат бериши шарт», — дейт Жээнчороев.