Жалал-Абад шаары боюнча комендант милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков түз эфирде Жалал-Абад областынын жана анын ичинде өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары боюнча сутка ичиндеги кылмыш окуяларга жана комендаттык сааттын эрежелерин бузгандар боюнча төмөнкүлөргө токтолуп маалымат берди:

— Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаарынын аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду. 2020-жылдын 5-майынан 6-майына караган бир сутка ичинде областтын аймагында баары болуп – 25 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 6 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймакка тиешелүү.

Белгилей кетүүчү жагдай катталган 6 кылмыш окуясынын ичинен 3 факты жасалма өткөрүү кагаздарын (пропуск) колдонгондугу боюнча аныкталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок. Андан сырткары күндүзгү алдын алуу жана түшүндүрүү иштери менен катар коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы — 2993 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан – 9 атуул ШИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган.

Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 112 атуул ШРИИБге жеткирилип, алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 100 автоунаа айып аянтчасына коюлган. Брифингтин соңунда эфир аркылуу кайрылуу жасап, буларга токтолду: Урматтуу мекендештер, урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары жана коноктору!

Биздин негизги максат дүйнө жүзүндө тарап жаткан илдеттин алдын алуу, жугузуп алууларды болтурбоо жана жарандардын саламаттыгын, коопсуздугун сактоо болуп эсептелет. Андыктан Жалал-Абад шаарынын аймагында өзгөчө абал 11-майга чейин киргизилгенине карабастан, жергиликтүү тургундардын кайдыгер мамиле жасап, дагы деле болсо коомдук жайларда себепсиз жана санитардык эрежелерди сактабастан айрым учурларда беткапсыз жүргөндөрүн байкадык жана бул боюнча айтып түшүндүрүп эскертүүдөбүз.

Ошол себептүү биз алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларын күчөтүп, катуурак талап коюп, айрым чектөөлөргө баруудабыз. Ооба, мындан сырткары бир топ социалдык маселелер бар, бирок аны жергиликтүү бийликтин күчү жана кайдыгер эмес жарандарыбыздын жардамы менен биргеликте чечип келүүдөбүз.

“Дартты жөн койсо жайылат, дарыласаң айыгат” демекчи баарыңыздарды укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип, үйдөн чыкпай, мыйзам жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти сактап, сабырдуулук менен өзүнүздөрдүн ден соолугунуздарга кам көрүүгө чакырамын. “Сабырдын түбү сары алтын” — деди комендант Ж.Жоробеков.

Жалал-Абад шаары боюнча комендатуранын басма сөз кызматы