Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн брифингге чыгып, элди түпөйүлгө, бүдөмүк ойлорго түрткөн бардык жагдайлар тууралуу ачык маалымат бериши керек. Мындай сунушун депутат Жанар Акаев парламенттик жыйында билдирди.

Депутаттын айтымында, өкмөт башчы бери дегенде үч маселе боюнча элге түшүндүрмө бериши шарт.

«Биринчиден, эл арасында июнь-август айларында пенсия, пособие төлөнбөйт экен деген сөздөр жүрөт. Премьер чыгып: «бюджетте акча бар, пенсия-пособие мурдагыдай эле төлөнөт деп айтып коюшу керек. Экинчиден, Ысык-Көлдөгү түшүмүн саткан дыйкандар, ал эле эмес шаарга кирип-чыккан тургундар «биз эми 2 миң сомдон төлөп, тест тапшырышыбыз керек экен» деп жатышат. Өкмөт миңдеген адамдарды ПЧР-тесттен, экспресс-тесттен өткөрүп жатпайбы. Премьер «урматтуу туугандар, тесттен акысыз өткөрүп жатабыз» деп айтсын. Кээ бирөөлөр 200 миң сомду 6 млн кишиге көбөйтүп, баланча миллион акча болот экен, аны да бул бийликтегилер жейт экен» деген сөздөрдү айтууда. Өкмөт башчы бизде медицина акысыз, болгону «Кумтөр», «Мегаком» өңдүү корпоративдик кардарлар үчүн өздөрүнүн өтүнүчү менен акы алынуучу тесттер бар экенин түшүндүрүүсү зарыл«, -деди Акаев.

Эл өкүлү белгилеген үчүнчү маселе — мекенине кайта албай жаткан мигранттар.

«Өкмөт ачуу чындыкты айтып, анча-мынча жаман көрүнгөндөн коркпошу керек. Премьер-министр брифингге чыгып: «8 миң мигрантты алып келдик, жатакана, тамак-ашын камсыздадык» деп айтсын. Эми дагы 500 адамды алып кетет экен деп жарандар чек арага келип жатышат. Алып келе албаса, жаман көрүнгөндөн коркпой эле ачык айтышы керек. Аларды үмүткөр кылып коюп жатабыз», — деди Акаев.

Мухаммедкалый Абылгазиев пандемия башталган маалда — 16-мартта эл алдына чыгып маалымат берген. Ошондон бери брифингдерге чыга элек. Ал тургай парламенттик жыйындарга да жалаң орун басарлары барып, мунусуна депутаттар нааразы болгон жайы бар.

6-майга Кыргызстанда коронавирустун 871 учуру катталды. 614ү айыгып, үйүнө чыгарылды. 12 бейтап мерт кетти. Ушул тапта ооруканада 200дөн ашык киши болсо, анын төртөө реанимацияда.

Булак: Жебе медиа