Депутат Дастан Бекешев парламенттин бүгүнкү жыйынында милиция кызматкерлерине өзгөчө кырдаал режими учурунда иштегени үчүн аларга кошумча төлөм берүүнү кайрадан карап чыгуу керек экенин ортого салды.

Эл өкүлү буга чейин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин «милиция кызматкерлери кошумча төлөмдөн баш тартты» деген билдирүүсүн жалганга чыгарып, күч кызматкерлеринин духу түшкөнүн айтты

«Кайсы милиция кызматкерлери кошумча акчаны алганын өкмөттүн маалыматынан так угуп койсок. Себеби өткөн жумада премьер-министр «алар кошумча акчадан баш тартып жатышат» деген эле. Андай эмес, кечээ мага милиция кызматкерлери кайрылышты. «Өтө нааразыбыз, духубуз түштү. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими киргенден бери күнү-түнү, дем алышсыз иштеп атабыз. А кошумча акыдан эч кимибиз баш тарткан эмеспиз дешти»,-деди Бекешов.

Кыргызстанда 27 милиция кызматкери коронавирус жуктуруп алган.