Жогорку Кеңештин март айында короткон каражаттары 18 млн сомго көп болгон. Март айында короткон каражаттардын жалпы суммасы 64 млн 4.3 миң сом болгон.

Анын ичинде: Айлык акы 48 379,2 сом;

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу 10 980,9 сом;

Социалдык муктаждыктар үчүн салымдар, чегерүүлөр 2 371,9 сом;

Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фонду 2 245,0 сом;

Коммуналдык төлөмдөр 2 064,9 сом;

Товарларды жана кызматтарды сатып алууга 207,3 сом корогон.

Кошумчалай кетсек, март айына карата республикалык бюджеттин акчалай пландаштыруунун максималдуу суммасына ылайык, турак жай комплексинин иштерин жана гаражды башкарууга кеткен чыгымдарды эсепке алуу менен Жогорку Кеңештин чыгымдары 45 миллион 410,7 миң сомду түзүшү керек болчу. Ошентип, реалдуу чыгашалар пландагыдан 18 миллион 593,6 миң сомго ашып түшкөн.