Ош облусунун Араван районунда топ бала бир жаранды аеосуз сабаганы кабарланды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 2-майда болгон.

Анда аталган райондун Чек-Абад айылынын жашоочусун унаасы менен айылга жеткирген. Аны көргөн айылдагы балдар айылдаш келинди унаасына салып жеткиргенин күнөөлөп, ур-токмокко алып, экинчи бул айылга келбей тургандай кылып, кечирим суратышкан.

Маалыматтарга караганда, сабалган жаран келин ооруканага алып барып келүүсүн суранган.

Жабырлануучу ошол эле күнү Араван РИИБине арыз жазган. Аны токмоктоого катыштыгы бар делип төрт киши кармалып, учурда сурак беришүүдө.