Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа шаарындагы асман тиреген имараттардын биринде шейшемби күнү кечинде катуу өрт чыккан.

Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазып чыкты. Өрт Аль-Нахда кварталындагы 45 кабаттуу турак жайда орун алып, өрт дээрлик бүт имаратты каптады. Үйдүн бардык тургундары, ошондой эле коңшу бир нече имараттар эвакуацияланган. Өрттү өчүрүүгө бир нече өрт өчүрүү бригадалары тартылган. Күйүп жаткан имараттын ичинде болуп жаткан окуялар жөнүндө ишенимдүү маалымат алуу үчүн дрондор катышкан.

Кийинчерээк өрт өчүрүү кызматтары өрттү көзөмөлгө алганы белгилүү болду. Бийлик өкүлдөрү жети адам жеңил жаракат алып, ооруканага жеткирилгенин билдиришти.