Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйында вице-премьер министр  Акрам Мадумаров табият кырсыгынан жапа чеккен кошуна өлкөгө гуманитардык жардам жиберилерин депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, негизинен цемент, жылуу жууркандар жана азык-түлүк топтому жиберилет.

Эскерте кетсек, Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычы 1-майда эртең менен саат алтыга жакын жырылып, жакын жердеги айыл-кыштактарды суу каптаган. Суу ташкындын айынан 70 миңдей адам коопсуз жактарга шашылыш көчүрүлдү.