Бүгүн, 6-майда болжол менен саат 11.00 чамасында борбор калаадагы 4-кичирайонундагы С. Каралаев көчөсүнөн адашып жүргөн болжол менен 3-4 жаштагы баланы таап алышкан.

ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы билдиргендей, адашкан бала кызматкерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда жолуккан.

Кызматкерлер милициянын полковниги З.Жоробеков жана милициянын подполковниги Э.Шинеев ошол замат Октябрь райондук ИИБна маалымат беришип, жыйынтыгында бала ата-энесине кайтарылып берилди.

Баланын энеси саат 10.30 баштап аз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөндөн майнап чыкпагандан кийин гана Октябрь РИИБне кайрылышкан.