Бүгүн 6-майда Бишкек шаарындагы экономикалык абал боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиев онлайн маалымат жыйын берди. Анда быйыл Ак-Өргө жаңы конушуна “Тез жардам” станциясынын курулушу башталарын билдирди. “Быйылкы жылы шаар тургундарына арзан медициналык жардам көрсөтүү үчүн Ак-Өргө жаңы конушунда фельдшер-акушердик станциянынын курулушун баштоо пландалууда”, – дейт вице-мэр.
Ошондой эле Көк-Жар жаңы конушунда 5 “Тез жардам” унаасы үчүн станциясы бар эки кабаттуу үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушу башталганын кошумчалады.