Бул жашоодо таза жандар аз калгандай. Силердин оюңар кандай билбейм, бирок бүгүн мен жүрөгүмдү өйүгөн, опол тоодой моюнума түшкөн түйшүктөн кантип арылуунун жолун таппай айлам кетип турам.

Мындан бир канча жыл мурун чоң апамдын айтуусу менен молдого турмушка чыккам. Жаңы эле медресени бүтүргөн,  ичип чычпайт деп асман айдан алып мактаган. Ортодо үч балабыз бар. Башында жаңы үйлөнгөн кезде кошуна колоң балдарына дем салдырып жүрдү. Күн өткөн сайын келгендер көбөйдү. Бирөө ооруп келет, бирөө төрөбөй калып келет. Күндөрдүн биринде жапжаш супсулуу келин келди. Балалуу болбой күйөөсү менен ажырашкан экен. Окуйм деп шылтоолоп күн сайын ошол келинге жолугат. Жоголуп түн бир оокумда келет. Мага көп көңүл бөлбөй калды. Ал кылыгын мени байкабай калат деди окшойт.

Буга чейин достору тамашалап калаар эле, үйлөнө элек досторун айтып, Темирдин кызына ысытма окуп кой соопко каласың Муке үйлөнүп алсын бой жүрбөй деп. Билем мен каршы чыксам шариятты айтып баштайт.

Дал ошол шариятта биринчи кезекте аялын макул болсо, экинчисин да бага алсаң деген шарттары бар. Шарият жол берген туура, бирок согушта күйөөсү өлүп, багаар көрөөрү жокторду аял кыл деген. Көзү кызарып жаш немеге азгырыл деген эмес. Достору айткандай ысытмасын окуп, тиги жаш аялга кетип калса кантем. Үч балам эмне болот. Элдикиндей бизнеси, кабат-кабат үй салып кыйратса мейли эле.

Кандай кылсам, азыр менин жан дүйнөм жанчылып турат. Ушунча жыл дааратка суусун жылытып, жакасын агартып келдим, мага кылган жакшылыгы ушулбу?