Коом

Шашылыш билдирүү! Кайрадан сел жүрүшү күтүлөт

6-7-майда Кыргызстанда нөшөрлөп жаан жаап, айрым аймактарда сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

“Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр да жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөйт. Нөшөрлүү жамгырдан өлкөнүн түштүк аймактарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал”, — деп айтылат маалыматта.

Күтүлгөн туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатары айтылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button