Депутат Таабалды Тиллаев селдин алдын алуу учун калк жыш жайгашкан айылдарга бетон тосмолорду куруу керектигин Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөткө сунуштады. «Исфана аймагын жылда таш тосмолор менен тособуз, бирок эффективдүүлүгүн өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Акча асманга кеткендей болууда. Албетте, жардам берип жатат. Бирок бетон тосмону курганыбыз эффективдүүлүгүн көрсөттү. Таш тосмолорду курууну токтотуп, эл жыш жайгашкан айылдарга бетон тосмолорду куруу керек», — дейт Тиллаев.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров депутаттын сунушу эске алына турганын билдирди.