“Шаардыктардын бош убакытта жагымдуу эс алуусу үчүн жашыл аянттарды көбөйтүү максатында, ошондой эле экологиялык абалды жакшыртуу үчүн шаарда быйылкы жылы аяктоого пландалган сейилбактардын курулуштары жүргүзүлүп жатат”, – деп билдирди Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиев.
Сейилбактардын тизмеси:
“Балалык” аталышын коюу пландалган Б.Баатыр-Токомбаев көчөлөрүндөгү жалпы аянты 10 гектарды түзгөн сейилбак. Сейилбакта 3 оргума (фонтан), беседка жана сейилдеп басуучу жалгыз аяк жолдор болот. 900дөн ашык бак-дарак жана бадалдар тигилет.
Манас-Боталиев көчөлөрүндөгү жалпы аянты 7,5 гектарды түзгөн сейилбак. Сейилбактын аймагында кичи-футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары, скейт-сейилбак, велосипеддер үчүн рампа, көрүүчүлөр жана сүрөөчүлөр үчүн минбар, воркаут-аянтчалары болот. Балдар аймагында ойноочу аянтчалар жана чакан аттракциондор жайгаштырылат.
Борбордун түштүк бөлүгүндөгү Гейдар Алиев атындагы жалпы аянты 5,5 гектарды түзгөн сейилбак. Сейилбактын аймагында оргума, амфитеатр жана балдар аянтчалары курулат.