«Биз биргебиз, биз жеңебиз!». Ушундай ураандын алдында үстүбүздөгү жылдын 3-майында Кыргызстандын, Казактандын, Башкортостандын, Швециянын журналисттери, окумуштуулары, окутуучулары «Өзгөчө кырдаал учурларында ММКнын ролу» деген аталыштагы онлайн конференцияга чогулушту. Конференция Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин журналистика факультетинин демилгеси менен уюштурулду. Онлайн конференциясынын уюштуруучусу окумуштуу айым Шарипа Нуржанованын алып баруусундагы бул иш чара төрт сааттан ашык өтүп, пикир алмашуу форматында улантылды.

Кыргызстандан Ж. Баласагын атындагы Улуттук университеттин журналистика факультетинин деканы Айна Дуйшекеева, ага окутуучу Айбек Тюменбаев, доцент Гульнара Нурматова, «Биринчи радионун» башкы редактору Таалайгүл Сыдыкбекова, «Эркин Тоо» гезитинин редакторунун орун басары Алмаз Чербеков катышып, өзгөчө кырдаал учурундагы ММКдын ишмердүүлүгү боюнча билдирүүлөрдү жасашты.

Казакстандан окумуштуу профессор Рахима Нурриден, «Қазақстан дәуірі» газетасынын башкы редактору — Ертай Айғалиев, «Мөлдір бұлақ» журналынын журналисти — Саят Қамшыгер, ҚазУУнун окумуштуулары Жетпісбай Бекболатұлы, Шарипа Нұржанова ММКдын иштөө ыкмаларына токтолуп, карантин учурундагы социалдык проблемаларга өзгөчө көнүл бөлүштү.

 Башқортостандан Рафик Ахметшин –Башқор маалымат редакциясының редактору, Зухра Арсаева- «Юлдаш» радиостанциясының журналисти, Алиева Соно — Башқортостан мемлекеттик университетинин профессору, Швециядан философия илимдеринин кандидаты, журналист

 Ак Белласар пандемияга байланыштуу өз өлкөлөрүндөгү абал жана аны ММКда чагылдырылышы боюнча ой пикирлери, тажырыйбалары менен бөлүшүштү.

Конференциянын катышуучулары ар ким өз тилинде сүйлөп бири бирин түшүнүү менен актуалдуу маселени талкуулашкандыгы түрк тилдүү элдердин канчалык жакын экендигин, биримдикте гана кыйынчылыкты жеңүүгө мүмкүн экендигине бир катар мисалдар аркылуу ишеним артышты. Жыйнытыгында шартка жараша пикир алышуу, тажрыйба алмашуу өнүтүндө мындай конференцияларды келечекте улантуу зарылдыгын бир добушта колдоого алышты. Ушундай демилгелерди көтөргөн Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин журналистика факультетине, уюштуруучуларга зор ыраазчылык билдиребиз.

Булак: КТРК