Ош облусттук ички иштер башкармалыгынын медицина кызматынын ак халатчандарына дагы чоң ыраазычылык билдиребиз.

Аталган кызматтын дарыгерлери Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында жайгашкан бардык укук коргоо органдарынын саламаттыгына кам көрүшүп, алдын алуу иш чараларын жүргүзүп келишет.

Дарыгер-кызматкерлер Айгүль Кожошева менен Руфина Матажиева Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин саламаттыгын текшерүү, коркунучтуу илдеттердин алдын алуу боюнча республика аймагына карантиндик абал киргизилген күндөн тартып кызмат өтөшүп келүүдө.

Алар кызматка келген кызматкерлердин арасында жеке коопсуздук боюнча түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүшөт, кан басымдарын, дене табын текшеришет. Керек учурда тез жардам көрсөтүүгө даяр турушат.

Ак кызматыңыздар үчүн алкыш айтып, Сиздерге дагы бекем ден соолук каалайбыз, урматтуу ак халатчан аскер дарыгерлери!

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы