Активист Марат Исаев өзүнүн жеке баракчасына  уулдуу болгондогу коррупцияны айтып,  жеке баракчасына жазып чыкты:

«Калайык калк, коррупция менен күрөшөбүз дейбиз. Коррупция төрөтканадан жана өзүбүздөн башталат экен. Төрөтканадан баштап беребиз акчаны бекитип болсо да балалуу болгондо. Акча беришти токтотолу өзүбүз . Андан кийин коррупционерлер жоголот . Эмнеге деп сурасаңыздар.  Өзүңүздөр билесиздер төрөт үйү, мектеп, жогорку  окуу жай акча.  Жумушка кириш акча (место же жумуш ордун)

Жада калса депутат болуш акча,  аткаруу бийлиги акча ( министерство , мэрия, акимият…) дагы көп нерселерди акча берип бүтүрөбүз. Анан ошол адам сатып алган ордун акташ үчүн бизден талап кылат ишибиз түшүп барганда (момунча бересиң деп) болбосо ушулардын баары айлык маяна алып иштешет бекер эмес. Сиздердин мамлекетке берген салыгыбыздан  карапайым калктан караганда он эсеге чейин көп алат. Ошондо биздин иштерибизди бүтүрүп бериштери керек, гос пошлина төксөк эле . Ага карабай жумушумду бүтүрүп бериңиз деп киребиз алдыларына.  Алар олтурат керсейип сөгүп, кагып эмне кыла алат элең деп момунча бересиң, бербесең чыгып кет деп бети жоктор.

Ойлонолу Карапайым Калк!!!

Мунун баарын эмнеге жазганымды түшүндүрүп берейин.

4-май күнү келинчегим толготуп  Областтык төрөтканага бардым.  Сүрөттөрүн киргиздим , (биринчи сүрөт) варотадан кирип кире электе акча дешти бул нерсесине , ал нерсесине макул сураганын бердим.  Айла жок келинчегип толготуп жататж Кудайга шүгүр аман эсен көз жарып алды. Уулду болдум, дарыгерлерге чоң рахмат. Бир мед айым сүйүнчүлөп кашаага чыгып Нурзаданын күйөөсү ким деп. Мына бул жагы кызык болду ( үчүнчү сүрөттү караңыздар) анткени (экинчи сүрөттү карасаңыздар эки камера турат тартып. Ошого акча алып аткандары түшпөш керек да) макул сүйүнчүлөгөн адамды кур койбойбуз да.  Көңүлдөн чыкканын бересиң.  Алып кирип кетти,  бирок чыгып биз момунча адамбыз бөлүшөбүз деди.  Аларды билбейм, көрбөдүм,  көздөрүн да жүздөрүн да… аз берип койгон окшоймун 1400 сом бергем. Көңүлдөн чыкканы , чөнтөгүңдү  карап,  эртенки күнүңдү да ойлойт экенсиң,  баардык акчаны берейин десең. Тилекке каршы областтык  төрөткана  шаарда,  Черёмушки районунда.  Азыркы коронавирус убагында карантиде төрөтканага  жетиш үчүн посторго көрсөткөнү справка беришпеди. Эми роддомдон чыгарыш жагы кандай болот

Булак: Коомпресс сайты