Орусиянын Псков облусунда курулушта иштеген 38 кыргызстандыктан коронавирус табылганын аймактын башкы санитардык дарыгери Александр Нестеруктун айтканын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.  

Россиянын Псков облусуна караштуу Новосокольнический районунда инфекциялык оорукананын курулушунда иштеп жаткандар экени, Псков облусуна 21-22-апрелде барганы айтылат.

Облус губернатору Михаил Ведерников мурдараак жалпысынан 41 жумушчу барганын, алардын 16сынан коронавирус табылганын кабарлаган.

Райондун депутаты Ирина Ершова мигранттар баргандан кийин эки апта изоляцияга алынбаганын айтып чыккан жана бул үчүн күч органдарынан иликтөө жүргүзүүнү талап кылган.

Ал эми Россиядагы Кыргызстандын элчилиги бул тууралуу маалымат бере элек.

Abal.kg