Жазгы талаа иштери өз убагында жүргүзүлүшү керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. 

«Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы мелиорация министрлигинин маалыматына караганда, майдын аягында бардык талаачылык иштер аяктайт, ал эми айрым аймактарда түшүм жыйнала баштайт. Эң негизгиси биз ирригация маселесин чече алдык. Пандемияга карабастан, дыйкандар үрөн, жер семирткич жана күйүүчү-майлоочу май менен жетиштүү көлөмдө камсыздалды. Кандайдыр бир тобокелчиликтер болду, бирок ошол эле учурда бардык санитардык нормаларды сактоо менен жазгы талаачылык иштерди жүргүзүү үчүн атайын техникаларды сатуу түйүндөрүн ачууга уруксат берилди», — деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы ошондой эле алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнү баштоо керектигин эске салды.

«Өткөн кыш жылуу болду, авариялык өчүрүүлөр аз болду. Биз отун, электр энергиясын үнөмдөп жана дебитордук карызды төлөөнү көбөйтө алдык. Быйылкы жылы суу аз болот, бул кыйынчылыктарды алып келет. Ошондуктан