СOVID-19 жугузуп алган жана анын кесепетинен каза тапкан саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине компенсация төлөөгө бюджеттен 50 миллион сом каражат бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Аталган буйруктун негизинде төмөндө көрсөтүлгөн медиктерге бир жолку акчалай компенсация бекитилген:

  • өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында, медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда кызматтык милдеттерин аткарууда коронавирус инфекциясын жугузуп алган саламаттык сактоо уюмдарынын медицина жана башка кызматкерлерге 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө;
  • өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында, медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда кызматтык милдеттерин аткарууда коронавирус инфекциясын жугузуп алуунун кесепетинен каза болгон саламаттык сактоо уюмдарынын медицина жана башка кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө 1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндө.

«Компенсацияларды төлөөдө алгач Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан комиссия түзүлүп, алар кызматтык териштирүү жүргүзөт. Териштирүүнүн негизинде гана конкреттүү медицина жана башка кызматкерге тиешелүү компенсация берилет», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус 871 адамдан табылса, анын 221и медик. Вирус жуктуруп алган медиктердин ичинен 2-майда бир дарыгер каза болгон.

Булак: Спутник