Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2021-жылга жылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдирди.

“2020-жылга белгиленген төртүнчү көчмөндөр оюндары 2021-жылга жылдырылды деп уктук. Бирок бизге расмий кат келе элек”, — деди маалымат катчы.

Эске салсак, IV — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркиянын түндүк-чыгышындагы Бурса шаарында орун алмак. Мелдеш буга чейин 2014-жылдан бери Кыргызстанда үч ирет өткөн.

Үчүнчү көчмөндөр оюндарында дүйнөнүн 80ге жакын мамлекеттинен келген спортчулар, спорттун 37 түрүнөн мөөрөй талашкан.

Булак: “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине