Ишемби күнү Питсбург университетинин (АКШ) профессору Бинг Лю өз үйүндө атып өлтүрүлгөн. Университетте анын COVID-19 боюнча изилдөө иштери менен шугулданып келе жаткандыгын жана вирус сырын ачууга аз калгандыгын билдиришкен.

 CNN басылмасынын билдирүүсүнө караганда Бинг Люну бир нече жолу атышкан. Ок анын башына, моюнуна, тулку боюна жана буттарына тийген. Өлтүргөн адам 46 жаштагы Хао Гу экендиги айтылууда. Ал профессорду атып өлтүргөндөн кийин автоунаасына келип отуруп, өзүн-өзү атып өлтүргөн.

Полиция Бинг Люнун өлүмү  анын COVID-19 вирусу менен байланышкан ишмердүүлүгүнө тиешелүү болушу мүмкүн деген божомолдорду карманууда.