Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндө COVID-19 учуру аныкталганы тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

 Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндө буга чейин дарыланып кеткен бейтапта коронавирус аныкталды, бул тууралуу ушул бейтап тургуну болгон Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан түшкөн билдирүүдөн кийин маалым болду. Натыйжасында бардык бейтаптар, оорулууларды карап жаткандар жана медициналык кызматкерлер изилденип, ПЧР диагностика 7 адамда коронавирус бар экенин тастыкталган (2 балада, 3 энеде жана 2 медициналык кызматкерде). Калган 20 кызматкерде, 13 балада жана 7 ата-энеде тесттин жыйынтыктары терс. 14 күн бою алар медиктердин көзөмөлүндө болушат.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун экинчи базасында бейтаптар кабыл алынган эмес, дезинфекциялык иштер жүргүзүлгөн. Мында, 13 бала ден соолугу оор акыбалда болгондуктан, медициналык жардамга муктаж жана катаал карантиндик чараларды сактоо менен бөлүмдө дарылануусун улантууда.

20 кызматкер үчүн имараттын биринчи жана экинчи кабаттарында обсервация уюштурулган, бардык медициналык кызматкерлер жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган.

Булак: Республикалык штаб