Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев онлайн режимде өткөн өкмөттүн кезектеги жыйынында айтты – деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.

Жыйында премьер-министр коронавирустун таасири Кыргызстандын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү талап кылганын билдирди.

Бюджеттен бөлүнгөн 3,5 миллиард сомдун 640 миллион сому укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кошумча каржылоого, 411 миллион сому азык-түлүк коопсуздугуна, ал эми 868 миллиону коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө багытталганы айтылды.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын билдиргенине караганда, үстүбүздөгү жылга карата республикалык бюджеттин таңкычтыгы 37 724,3 миллион сомду түзөт.