Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери мугалимдер жана социалдык педогогдор менен биргеликте жаш өспүрүмдөрдүн дистанттык окуусуна байланыштуу жана карантин мезгилинде сууга түшүүлөрдүн алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Алар шаарга караган Тайгараев айылындагы ар бир үйгө киришип, эскертүү баракчаларын таркатышты. Окуучулардын онлайн сабактарын үзгүлтүккө учуратпоо керектиги айтылып, күн ысыган мезгилдерде балдарына көзөмөл кылып, сууга түшүүлөрдүн алдын алууга чакырышты.

Ошондой эле өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумуна да көз салууга үндөштү. Мындан тышкары коронавирус илдетинин жайылуусун болтурбоо багытында бир топ иштер жүргүзүлүп, көчөдө өспүрүмдөрдүн негизсиз жүрүүлөрүнө жол бербөө керектиги эскертилди.

Милиция кызматкерлери ата-энелерге санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана өздүк гигиенаны сактоону айтышып, зарыл жумуштар болбосо үйдө отурууга чакырышты.

Жалал-Абад шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы