“Казакстандын аймагынан полициянын коштоосунда  биздин 541 жаран кайтып келди. Алардын арасында балдар жана аялдар бар.  Казакстандын транзиттик жолу менен кайтып келгендер бүгүн эртең менен 7-майда Кыргызстандын чек арасына өтүштү. Айдоочуларга атайын автобус уюштурулган. Казакстанда дагы деле  өзгөчө кырдаал учуру. Андыктан бул алып келүү Россия менен Казакстандын чек арасында туруп алсак эле бизди алып кетет экен дегенге импулсь болбошу керек. Баарыңыздарга сабырдуулук каалайбыз” — деп жазылат ТИМдин маалыматында.

Эскерте кетсек буга чейин чек арада жүк ташуучу унаалар менен калып кеткен айдоочулар бийликке кайрылуу жасашкан.

https://www.youtube.com/watch?v=KHF23cjVAgQ&feature=emb_logo